Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Экс-мэр Иса Өмүркуловдун соту уланууда


Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэри Иса Өмүркуловго козголгон кылмыш иш боюнча сот уланды. Өмүркулов мэриянын 4 кызматкери менен бирге борбордогу Жеңиш сейил багынын аянтын мыйзамсыз кыскарткан деп айыпталууда.

Башкы прокуратура былтыр декабрда Иса Өмүркуловго "Кылмыш-жаза кодексинин" "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иш козгогон. Ага ылайык, Өмүркулов 2011-жылы борбордун Түштүк дарбазасында жайгашкан Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркындагы 16 гектар жерди жеке жана юридикалык жактарга 49 жылга ижарага мыйзамсыз берип салган деп айыпталууда. Кылмыш иш козголгон соң Иса Өмүркулов өз арызы менен кызматтан кеткен. Бирок ал айыптоонун баарын негизсиз деп четке кагып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG