Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Жерге окшош жаңы планета табылды


Жаңы табылган Кеплер-186Ф планетасы.
Жаңы табылган Кеплер-186Ф планетасы.
Илимпоз-астрономдор Аалам койнунан Жерге окшош жаңы планета табышты. Жерден бир аз чоң (10%) планетаны АКШнын НАСА агенттигинин орбитадагы "Кеплер" (Kepler) телескобу тапты. Бул планетага Kepler-186F аты ыйгарылды.

Астрономдордун айтышынча, жаңы планетада Жердегидей эле жашоо болушу мүмкүн. Себеби ал жашоо үчүн ысык да, суук да эмес өз жылдызынан анча алыс эмес аралыкта жайгашкан. НАСАнын изилдөө борборунун улук илимий кызматкери Элиза Квинтана жаңы планетаны "Жердин эгизи эмес, бөлөсү" деп атаганды туура көрөт.

- Анткени ал Күнгө караганда кичинекей жана жарык кубаты азыраак жылдызды тегеренет, - дейт Квинтана.

"Кеплер" телескобу 2009-жылы орбитага чыгарылгандан бери астрономдор теориялык жактан боолгогон 961 планетанын бар экенин тастыктаган. (BAz)

XS
SM
MD
LG