Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Абдулла Гүл Орусиянын "моделин" өрнөк катары көрбөйт


Түркиянын президенти Абдулла Гүл өзүн эмки өкмөттү жетектөөчү премьер-министрге талапкер деп эсептебейт. Гүл бүгүн өлкө батышындагы Күтахия шаарында кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Орусиядагыдай премьер-министр менен президенттин орун алмашып алуусу демократияга сыйбаган көрүнүш экенин айтты.

Орусиянын азыркы премьер-министри Дмитрий Медведев 2008-жылы Владимир Путиндин ордуна президент болуп, өз кезегинде Путин премьер-министр болуп иштеген. 2012-жылы алар шайлоонун жыйынтыгына таянып, мамлекеттеги эң жогорку кызмат орундарын алмашып алган.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК) төрагасы. Ал быйыл августта болчу президенттик шайлоого катышат деп боолгонууда. Абдулла Гүл АК партиясынын түптөөчүсү жана Эрдогандын жакын союздашы болуп саналат. Көпчүлүк серепчилер Абдулла Гүлдү болочоктогу премьер-министр катары көрүшөт.

XS
SM
MD
LG