Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Юлдуз Усмановага тойдо кол көтөрүштү


Юлдуз Усманова.
Юлдуз Усманова.

Апрелдин башында Ташкенттеги Osio Grand ресторанында кызымтал жигит Юлдуз Усманованы жаакка чапкан.

Бул окуя 4-апрелде, кечки саат сегиз жарымда болгонун "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы жазды. Тойго катышкан күбөлөрдүн бири чатактын чыгышы тууралуу буларды айтты:

- Юлдуз Усманова ырдап жаткан. Тойго келген мырзалардын бири ырчыга акча кыстарайын деген. Бирок Юлдуз аны жолотпой, колу менен түртүп жиберди. Жигит буга намыстанып кетти көрүнөт, айтор ырчыны чаап жиберди.

Дагы бир күбө алагүү жигит ырчынын кулагына бир нерсе деп шыбыраганга үлгүргөнүн айтууда:

- Анан ал ырчыны бир койду. Юлдуз апа жерге жатып калды. Жигитти башка коноктор сүрөп, музыканттарды сабап салышты. Өзгөчө Шерзод Хакимов менен Фуад катуу токмок жеди.

Окуядан кийин Юлдузду дароо сыртка алып чыгып кетишкен. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына белгилүү болгондой Эл артисти өзүн урган жигиттин үстүнөн арыз жазып, милицияга кайрылган.

Той уланып жатканда милиция келип, күбөлөрдү суракка алган. Эртеси күнү шаардык милиция үйлөнгөн жигиттин 10-15 досун чакырткан. Көп өтпөй үлпөт тойдун видеосу аркылуу ырчыны ким урганын аныкташкан.

Тойдогу видео. Усманова өзүн чаап жиберген жигитке кайрылууда.
Усманова: Акчасы бар, бирок акылы жок!
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00


Өзбекстанда тойго келген ырчыларга кол салган учурлар мурда да болгон. Бир нече жыл мурда Хасила Рахимова тойдо ырдап жатканда, аны көздөй бирөө таш ыргыткан. Бул окуя телефонго тартылып, Youtube сайтына жүктөлгөн.

Ал эми Юлдуз Усманова күйөрмандары эле эмес, бийликтегилер менен да чатакташканы үчүн атагы чыккан. Бул айыбы үчүн бир нече жыл Түркияда жашап, чыгармачылыгын ошол жактан улантууга мажбур болгон.

Өткөн жылдан тарта өзбек эстрадасынын “примадоннасы” чоң сахнага кайтып келүү үчүн болгон аракетин жумшай баштаган. Чоң сахнага кайтуу - бул майрам күндөрү президент Каримовтун алдында ырдоого мүмкүнчүлүк алуу дегенди билдирет.

Юлдуз Усманованын тилеги президенттин кызы Гүлнара Каримованын иш-чараларына катышкандан кийин орундалган. Тактап айтканда, Маданият министрлиги ага кайра өз өлкөсүндө ырдоого уруксат берген.

Бирок эксперттер азыр президенттин кызы өз айласын таппай жаткан учурда, Юлдуз Усмановага эч кандай жардам бере албасын айтышат. Тескерисинче, Гүлнара менен жакын мамиледе болгону ырчыга тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG