Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Иран БУУга дайындаган элчи АКШга бара албайт


Президент Барак Обама ирандык дипломат Хамид Абдуталебинин АКШга кирүүсүнө бөгөт койгон мыйзамга кол койду.

Абдуталеби Ирандын БУУдагы элчиси болуп дайындаган эле. Вашингтон аны 1979-жылкы Ирандагы Ислам революциясынан кийин Тегерандагы АКШ элчилигинин кызматкерлерин барымтага алууга катышкан деп айыптоодо.

Абдуталеби кризис башталган кезде Тегеранда болбогонун, кийин барымтачыларга котормочулук кылганын айтууда. Обама кол койгон мыйзам АКШга жана союздаштарына каршы шпиондук же террорчулук кылган, болбосо өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурчу ар кандай адамдардын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө бөгөт койот. Мыйзам долбоорун Обамага чейин Конгресс бекиткен болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG