Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

“Роснефть” "Манас" аба майданынан баш тартты


Бул тууралуу президент Атамбаев 17-апрелде Таласта эл алдында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

- Кечээ кечинде мага “Манас” аба майданынын президенти айтты. Сечиндин чакыруусу менен (шейшембиде) Москвага бардым эле. Ошондо Сечин ("Роснефть" компаниясынын президенти) “Биз бара электе ушундай болуп жатса, кыргыздар бизди иштетпейт. 51% да, 50% да кереги жок. Өзүңөр башка бирөөнү таап алгыла!”- деп айтыптыр,- деди президент эл алдында сүйлөп жатып.

Атамбаевдин айтымында, 15-апрелде “Манас" аба майданынын президенти Албек Ибраимов “Роснефть” президенти Игорь Сечиндин чакыруусу менен Москвада болуп келген. Кыргызстанда “Роснефттин” айланасындагы коомдук терс пикирлердин көптүгүнөн улам, аталган компания “Манастын" акцияларынан баш тарткан.

Президент Атамбаев бул аябай уят иш болгонун айтып, “Роснефттен” “Манас” аба базасынын акцияларын сатып алгыла деп кыргыз тарап өзү суранганын билдирди.

Кыргыз өкмөтү “Манас” аба майданынын 51% акциясын Орусиянын “Роснефть” компаниясына таандык “Новапорт” ишканасына сатуу боюнча меморандумга февраль айында кол койгон.

Март айынын этегинде “Манас” аба майданынын 51% акциясын орус тарапка сатууга каршы жарандык коомдун өкүлдөрү нааразылык акциясына чыгышкан. Бул келишимге бир катар ЖК депуттары да каршы. (SA)

XS
SM
MD
LG