Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Лейлектиктер эски газ түтүктөрүн сатууга каршы


Бул тууралуу “Азатыкка” Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиев билдирди. Ал айыл өкмөттүн аймагында совет доорунда көмүлгөн газ түтүктөрүн казып кетүү тууралуу "Кыргызгаз" ишканасынан кат келгенин, бирок жергиликтүү тургундар түтүктөрдү сугат сууга пайдалануу керектигин белгилеп, каршы чыгып жатканын айтты:

- Түтүктөр толугу менен элдин үлүш жеринде калган. Ошондуктан эл макул болмоюнча бул ишти аткаруу мүмкүн эмес. Азыр эл газ түтүктөрүн айылдарга иштетели деп жатышат. Айыл өкмөт чек арада орун алган. Суу жетишсиз. Ошондуктан түтүктөрдү суу алып келүүгө иштетели деп жатышат. Газ түтүктөрүнүн жер астындагысы деле, үстүндөгүсү деле бүтүн бойдон турат.

Апта башында “Кыргызгаздын” жетекчилиги Казакстанга эски карыздан кутулуу үчүн керектен чыккан газ түтүктөрүн казып кетүүдө элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп берүү суранычы менен Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысына кайрылган. Катта бул үчүн үлүш жерин каздырган элге компенсация төлөнүп берилери тууралуу айтылган.

Узундугу 26 чакырым газ түтүктөрү жайыт жана элдин үлүш жерлери аркылуу өтөт.

“Кыргызгазпром” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Тургумбай Кулмурзаев эгер эски түтүктөр сатылганда, Кыргызстан Казакстанга болгон 2007-жылдагы 13 миллион АКШ $ карызынын 8 миллионунан кутулмак деп айтып келет. (SA/AzK)

XS
SM
MD
LG