Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Эмделбегендер арасында түшүндүрүү иши жүргүзүлөт


Кыргызстанда түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөөдөн өз учурунда өтпөй калган балдар аныкталып, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. 22-26-апрель күндөрү доктурлардын атайын көчмө бригадалары айыл, конуштарды кыдырып чыгарын бүгүн "Азаттыкка" Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Жолдош Калилов билдирди.

Анын айтымында, айрыкча Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда жашагандардын каттоосу жок болгондуктан балдары эмдөөдөн өтпөй калууда.

Кыргызстандын Эмдөө боюнча улуттук календарына ылайык, бала төрөлгөндөн тартып маал-маалы менен түрдүү жугуштуу ооруларга каршы вакцина алып турат. Жалпысынан шал, тепме, кызамык, көк жөтөл, кургак учук жана башка 10 ооруга каршы эмдөө жүргүзүлөт. Эмделбей калган балдар башкалардын ден соолугуна коркунуч жаратпашы үчүн бала бакча жана мектепке кабыл алынбайт.

Диний көз караштан улам балдарын атайылап эле эмдөөгө бербей жүргөн ата-энелер бар экенин доктурлар айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG