Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Акыйкатчыны Таластагы өкүлү сотко берди


Омбудсмендин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Арзыкан Момунтаева акыйкатчы Бакыт Аманбаевди сотко берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Момунтаева өзү билдирди. Ал “омбудсмен тарабынан кызматкерлерге куугунтук болуп жатат” деген негиз менен сотко кайрылган.

Ишти бүгүн 21-апрелден тарта Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат.

Момунтаева билдиргендей, Аманбаев өткөн жыл боюнча анын отчетун угуп “канааттандырарлык эмес” деп тапкан жана сөгүш жарыялаган:

- Кызматка келгенден бери мени менен бетме-бет отуруп, кеңири сүйлөшө элек. Өз оозуман жумушум тууралуу укпай туруп, кантип мага сөгүш берет? Таласка келип, жасап жаткан ишимди көрүш керек. Элден сурап, документтерди текшербейби? - дейт Момунтаева.

Омбудсмен Бакыт Аманбаев өзүнүн үстүнөн сотко арыз түшкөнүн уга электигин, Момунтаевага берилген сөгүш анын ишиндеги кемчиликтерге байланыштуу экенин айтты. (SE)

XS
SM
MD
LG