Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Путин Орус жарандыгын алууну жөнөкөйлөштүргөн мыйзамга кол койду


Президент Владмир Путин мурдагы СССРдин орус тилдүү жарандарына Орусиянын жарандыгын берүүнү жеңилдеткен мыйзамга кол койду. ИТАР-ТАССтын маалыматына караганда, Орусия, СССР же мурда Орус Империясына таандык аймактарда жашаган же жашап жаткан адамдар, же алардын ата-бабалары ошол жерлерди байырлагандар жаңы мыйзамга ылайык Орусиянын паспортун алууга укуктуу.

Москва менен тиешелүү эл аралык келишим бар болсо же кайсы бир башка себептерден улам баштапкы жарандыгынан баш тартуунун кереги жок.

Талапкердин орус тилинин деңгээлин атайын комиссия аныктамакчы.

Путин кол койгон дагы бир жобого ылайык, Орусияда иштеп жаткан эмгек мигранттары орус тилин, өлкөнүн тарыхын жана негизги мыйзамдарын билүүгө тийиш. Алардын билими мигранттар визасын узартууга арыз бергенде текшерилип турат.

XS
SM
MD
LG