Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

Лавров Киевди Женева декларациясын бузууда деп айыптады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Киев бийлиги Женева декларациясын бузуп жатат жана чыгыш облустардагы радикалдарды ооздуктагысы келбейт, же ага даремети жетпей жатат деп сындады.

Бүгүнкү пресс-конференцияда министр Словянск шаарында 20-апрелде болгон ок атышууну айыптап, чабуулдун артында “Киевдеги бийликти басып алгандардын колдоочулары турат” деди.

Лавров чыгыш Украинада Орусияда жасалган курал-жарактарды колдонуп жатышат деген ырастоолорду четке кагып, орус маалымат каражаттарынын Словянсктеги текшерүү пунктуна кол салгандар “америкалык курал” көтөрүп жүрүшкөн деген маалыматтарын келтирди.

17-апрелде Женевада болгон төрт тараптуу жолугушууда Украинадагы бардык куралдуу топтор куралын ташташы керек деген макулдашууга жетишилген.

XS
SM
MD
LG