Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

Кыргызстанда жашылча-жемиш кымбаттады


Кыргызстандын азык-түлүк базарында жашылча кескин кымбаттады. Ушул күндөрү Бишкекте картошканын бир килограммы 45-50 сомдун, пияз 30-35 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Сабиздин баасы 20 сом. Ошто да баа жогорулаганы айтылып жатат. Бир апта мурун жогоруда аталган азыктар 10-15 сомго арзан болчу.

Айыл-чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу жана маркетинг башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Асылбековдун айтымында, жашылчаны коңшу өлкөлөргө экспорттоо күч алып, кымбат болуп жатат. Картошка менен пиязга Тажикстанда жана Казакстанда суроо-талап катуу. Асылбеков жакын арада баа турукташарын билдирди. (SE\ZB)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG