Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Өткөн жылкы теракттан кийин Бостон марафону быйыл катуу кайтарылат


Бостон марафонун утурлай быйыл коопсуздук чаралары өзгөчө күчөтүлдү. 118-жолу өткөрүлүп жаткан жарышка 36 миң атлет катышмакчы. Бир жыл мурун марафон учурунда болгон теракт 3 кишинин өмүрүн кыйып, 260тай киши жараланган.
Кол салуу үчүн теги кавказдык ага-ини шектелүүдө.

Массачусетс штатынын губернатору Девал Патрик 100дөн көп камера орнотулганына, айрым райондорго кирүү уруксаты чектелгенине карабай уюштуруучулар 42,16 километрлик дистанциянын "аскердик тилкеге айлануусун каалабайт" деп билдирди.

Өткөн жылкы марафондун жеңүүчүлөрү эфиопиялык Лелиса Десиса жана кениялык Рита Жепту быйыл да күч сынашмакчы.

XS
SM
MD
LG