Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Түштүк Корея президенти чөгүп кеткен кеменин экипажын сындады


Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе 16-апрелде чөгүп кеткен кеменин экипажын сындап, бул окуяны “адам өлтүрүүгө” теңеди.

Жекшембиде капитан менен анын кол астындагылардын сүйлөшүүлөрү жазылган тасма жарыяланган. Ага ылайык, экипаж экстремалдуу кырдаалда жүргүнчүлөрдү кайсы жакка жана кантип эвакуациялаш керектигин тез чече алган эмес.

Соңку маалыматтарга караганда, паромдогу 64 киши каза тапты, 240 кишинин дайыны белгисиз. Бардыгы болуп бортто 476 киши бараткан. Көпчүлүгү мектеп окуучулары болчу. Капитан жана экипаждын дагы 6 мүчөсү камакка алынды. Аларга шалаакылык жана башка беренелер боюнча айып тагылды.

XS
SM
MD
LG