Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

АКШнын вице-президенти Киевге барат


АКШнын вице-президенти Жо Байден бүгүн Украинага эки күндүк сапарга аттанууда. 22-апрелде Киевде президент Александр Турчинов жана премьер-министр Арсений Яценюк менен жолугушмакчы.

Бүгүн болсо Вашингтондун жогорку өкүлү украин парламентинин мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын лидерлери, АКШ элчилигинин расмий өкүлдөрү менен кездешет.

Ак Үйдүн билдирүүсүндө айтылгандай, Байден эл аралык коомчулуктун украин экономикасын стабилдештирүү аракеттерин, энергетика тармагындагы маселелерди жана чыгыш Украинадагы сепаратист күчтөрдүн айланасындагы кырдаалды, 25-майга белгиленген президенттик шайлоону, конституциялык реформаны талкуулайт.

XS
SM
MD
LG