Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58

Кудукка түшүп кеткен наристенин жакындары арызданбайт


Оштун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына караштуу Ташлак айылында кудукка түшүп кетип каза тапкан кыздын жакындары эч кимге арызданбай турган болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" наристенин тагасы Ганыжан Абдуллаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 9-апрелде болгон. Төрт жаштагы кыз көчөдө ойноп жүргөн жеринен табылбай калган. Бир нече сааттан кийин гана анын жансыз денеси айылдагы капкагы уурдалып, ачык калган кудуктан табылган. Соттук-медициналык эксперттер кыздын сөөгү кудукта 4 сааттай жатканын аныктаган.

Шаардык милициянын айтымында, факт боюнча кылмыш иш козголгон. Бирок жабыркаган тарап арызданбагандыктан бул окуя кокустук деп бааланып, иш кыскартылган.

Өткөн жылы да Оштун Навои паркында капкагы жок кудукка түшүп кеткен наристенин сөөгү башка жактан табылган болчу. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG