Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Бишкекте эмгек жарманкеси өтүп жатат


Бишкектеги Улуттук китепканада бүгүн шаардык эмгек жарманкеси өтүп жатат. Каалоочулар келип мекеме-ишканалардагы бош орундар тууралуу маалымат алса болот. Талапка жооп бергендер кызмат орундарына жайгаша алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Касым Чаргынов маалымдады.

Министрликтин расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда 212 миң адам ишсиз. Алардын 96 миңи жумуш издөөчү катары каттоого алынган.

Аймактарда эмгек жарманкеси ай сайын уюштурулат. Республикалык масштабда май айында өткөрүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG