Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Мектептен табылган жыландар уусуз экени аныкталды


Алай районундагы жылан чыккан мектепте окуу уланып жатат. Мектеп жайгашкан Корум айыл өкмөтүнүн башчысы Иляз Ташкулов “Азаттыкка” кабарлагандай, Илимдер академиясынын адистери өткөн жумада изилдөө жүргүзүп, мектепте үймөлөшкөн макулуктар уусуз суу жыландары экени аныкталды. Алар мектеп короосуна кыштоо үчүн топтолгон. Кар эриген соң сыртка чыккан. Адистер 27 жыланды кармап, алып кетишти.

Ташкулов билдиргендей, азыр да мектепте бир-эки жылан сойлоп жүрөт. Бирок алар коркунучсуз экенин илимпоздор айткандан кийин 21-апрелде окуу кайра башталган.

Биринчи Май айылындагы 145 окуучу билим алып, 20 мугалим эмгектенген Орозов атындагы орто мектепте он күндөй мурда ондогон жылан пайда болуп, окуу убактылуу токтотулган эле. (SE\YI)

XS
SM
MD
LG