Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

Атамбаев: Маркес "Дүйнө адамы" болгон


Президент Алмазбек Атамбаев жазуучу Габриэл Гарсиа Маркестин жубайы Мерседес Барча Пардого көңүл айтты.

Замандын жазуучусу, ойчул, философ Маркес жакшылык, сүйүү жана үмүттүн жарчысы болгонун айткан Атамбаев анын жакындарына көңүл айтып, маркумдун жаркын элеси жүрөктө түбөлүк жашаарын кошумчалады.

Нобел сыйлыгынын ээси Габриэл Гарсиа Маркес 17-апрелде Мехикодо 87 жаш курагында дүйнө салган. Анын “Жүз жыл жалгыздыкта” романы 35 тилге которулган. Жазуучунун сөөгү кечээ, 21-апрелде жерге берилди. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG