Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Байден АКШ Украинага көмөк көрсөтүүгө даярдыгын айтты


АКШнын вице-президенти Жо Байден Киевде туруп Кошмо Штаттар Украинанын экономикасына көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтып, ошол эле маалда коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды.

Украина коркунучтарга жана көйгөйлөргө кабылып турганда АКШ өлкө жетекчилигине улуттук биримдикти жана энергетикалык көз карандылыкты колдон чыгарбоого жардам бергенин белгиледи.

Байден Киевдеги эки күндүк сапарынын соңунда Украинанын бийлигине Орусия менен кризиске батып турган маалда Вашингтон кол сунганын дагы белгиледи.

Украин парламентинде сүйлөгөндө Байден 25-майда өтүүчү президенттик шайлоо өлкө тарыхында маанилүү окуя болорун белгиледи.

22-апрелде Байден убактылуу президент Олександр Турчинов жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Арсений Яценюк менен жолугушту.

Бүгүн АКШнын Украинага берчү техникалык көмөгү тууралуу жарыяланат деп кабарланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG