Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Аялдардын менчикке укугу изилденди


Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы аялдардын менчикке болгон укугун иликтеп чыкты. Өлкө аймагы боюнча жүргүзүлгөн атайын сурамжылоого 810 киши катышты. Жыйынтыгында аялдардын менчикке укугу корголбой жатканы аныкталды. Себеби көп кабаттуу үйлөрдөгү 287 миң батирдин 65 пайызы аялдарга катталганы менен мындай батирлер жалпы турак-жайдын 10 гана пайызын түзөт. Ал эми 71 пайызы эркектерге катталган жеке үйлөр жалпы турак-жайдын 28 пайызын түзөт.

Ошону менен катар 2012-жылга салыштырганда аялдардын менчикке укугу жакшырганы, 1,6 пайыз жогорулаганы аныкталды.

Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Мамлекеттик каттоо кызматынын башкы адиси Айдар Сукенбаев билдирди. (KE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG