Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Токмоктолгон курсанттын абалы оор


Бишкекте токмоктолгон үч курсанттын биринин абалы оор, ал азыр нейрохирургияда реанимацияда жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" жабыркаган балдардын биринин атасы Кантемир Турдалиев билдирди. Анын айтымында, 16-апрелде "Дайыр Асанов атындагы Аскердик окуу жайдын 40ка жакын тарбиялануучусу ИИМ Академиясынын үч курсантын сабап кеткен".

Аскердик окуу жай Коргоо министрлигине карайт. Аталган мекемеден "Азаттыкка" кабарлашкандай, учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Кенен маалымат териштирүүнүн жыйынтыгында гана берилмей болууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG