Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

"Манас" аэропорту боюнча Түркия менен сүйлөшүү жүрүүдө


"Манас" аэропортуна инвестор тартуу багытында сүйлөшүүлөр уланып, кечээ Түркиянын Жарандык авиация департаменти менен кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аэропорттун вице-президенти Илим Карыпбеков билдирди. Азырынча кызматташуунун так шарттары аныктала элек.

Карыпбековдун айтымында, орусиялык компаниялар, анын ичинде "Роснефть" менен да сүйлөшүү уланат.

Кыргыз өкмөтү "Манастын" акцияларынын 51 пайызын "Роснефть" ишканасына өткөрүп берүү тууралуу жазылган меморандум үчүн коомчулуктун кескин сынына кабылган. Бирок аэропорт жетекчилиги мындай документтерге "Роснефттен" тышкары дагы он чакты компания менен кол коюлганын, орус тарап менен макулдашылган чечим акыркы эмес экенин айткан.

Жакында президент Алмазбек Атамбаев ал меморандум жокко чыгарылганын билдирген. (BkA/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG