Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

ЖК комитети акыйкатчынын жылдык докладын кабыл алган жок


Бүгүн Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин жылдык докладын угуп, кабыл албай койду. Айрым депутаттар докладдын көпчүлүк бөлүгү мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун ишине байланыштуу болгондуктан аны кабыл алуу туура эмес экенин айтты. Эми акыркы чечим парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынат.

Аманбаев бул кызматка былтыр октябрда келген. Экс-акыйкатчы Турсунбек Акунду Жогорку Кеңеш оор кылмыштар үчүн түрмөдө жаткан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошонуп кетишине байланыштуу иштен алып койгон болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG