Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Баткендин Апкан айлы сугат суусуз калды


Айылга агып келчү сууну Сох анклавынын тургундары бууп алып жатканын апкандыктар 22-апрелде ЖК депутаттары, өкмөттүн облустагы өкүлү жана Баткен районунун акими катышкан жыйында билдиришти. Алар азыркы жазгы талаа иштери күчөгөн шартта сохтуктар сугат сууну бууп коюп жатканына нааразылыгын билдирип, бул маселени өкмөттүк деңгээлде чечүүнү талап кылышты. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулу маалымдады.

Депутаттын айтуусунда, жергиликтүү тургундар эгер коңшулар муну уланта берсе, алардын малын апкандагы жайытка чыгарбай, тосууга мажбур болорун айтышты.
Бакир уулу трансчекаралык сугат сууну чогуу пайдалануу тууралуу атайын кагаз жүзүндө келишим жок экенин, буга чейин маселе оозеки сүйлөшүүлөр менен гана чечилип келгенин белгилеп, көйгөйдү парламентте көтөрөрүн кошумчалады.

Болжолдуу 4-5 миң тургуну бар Апкан айылы Баткен районунун карамагында. Апкандыктар өздөрүн Кадамжай районуна кошуп берүүнү да өтүнүп келишет, анткени алар жайгашкан аймак Баткен районунун борборуна Сох анклавы аркылуу барат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG