Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Кумтөр боюнча сегиз келишим даярдалууда


Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчи орун басары Кылычбек Шакиров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда “Центерра Голддун” өкүлдөрү менен биргеликте экологиялык жана корпоративдик башкаруу боюнча 8 келишим даярдалып жатат:

- Учурда келишимдерди даярдоо жараяны жүрүп жатат. Экологиялык-техникалык жана биргелешкен ишкана түзүү боюнча корпоративдик маселелер талкууланууда. Буга “Центерра Голд” компаниясынын өкүлдөрү активдүү катышып жатат. Алар менен кезектеги жолугушуу бүгүн өтөт.

Шакиров кошумчалагандай, бул келишимдер даярдалган соң Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилмекчи. Ага чейин Жогорку Кеңеш февралда кабыл алынган Кумтөр боюнча келишим күчкө кирбейт.

Буга чейин февраль айында Жогорку Кеңеш канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча жаңы келишим кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстан жана “Центерра Голд” 50 пайыздык теңме-тең үлүштөгү биргелишкен ишкана түзөт. Ага алгачкы жылдары Кыргызстан жетекчилик кылмакчы. (BkA)

XS
SM
MD
LG