Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Ошто шылуундук кылган деп шектелген аялдар тобу кармалды


Бир нече күн мурун Ош шаардык милициясына 34 жаштагы шаар тургуну кайрылып, үч аял аны опузалоо менен эки автоунаасын алып, дагы акча талап кылып жатканын билдирген. Маалыматка ылайык, анын башка бирөө менен “сексуалдык байланышта болгонун” ачыкка чыгарып, үй-бүлөсүн бузарын айтып коркуткан аялдар жарандын “Мерседес” жана “Хонда” үлгүсүндөгү эки унаасына ишеним кат жаздырып алган, андан тышкары 1000 доллар өлчөмүндө акча талап кылган.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 21-апрель күнү таксиде акча берүү учурунда 40 жаштагы аял кармалып, ал шаардагы окуу жайлардын биринде иштери аныкталды. 43 жана 40 жаштагы дагы эки аял кармалган, алардын бирөө иштебейт, экинчиси бир уюмда жетекчилик кызматты аркалайт. Кармалган аялдардын баары убактылуу камоочу жайга киргизилгенин ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция бул аялдардын колунан жапа чеккен дагы башка жарандар болушу мүмкүн деп эсептейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG