Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

Орус Мамдумасы социалдык сайттарга көзөмөл күчөткөнү жатат


Орусия Мамдумасы социалдык сайттарга чараларды катаалдатуу боюнча мыйзам кабыл алды. 22-апрелде депутаттар жаңы "антитеррористтик пакетти" үчүнчү, акыркы окууда бекитти.

Ага ылайык, электрондук каттар менен алектенген компаниялар, анын ичинде Google сыяктуу чет элдик фирмалар да мамлекеттик байланыш органдарына каттоого турушу керек.

Жаңы мыйзамда көрсөтүлгөндөй, интернет-провайдери Орусиянын аймагында жайгашкан компаниялар 6 ай алардын сайты аркылуу жөнөтүлгөн каттарды сактоого тийиш.

Ошол эле мыйзамга ылайык, социалдык сайттардагы өзүнүн жеке баракчасында 3000ден ашык күнүмдүк “коногу” бар блогерлер да атайын бийлик органдарына өз аты-жөнүн жана почта дарегин калтыруусу керек.

Блогерлер ошондой эле массалык маалымат каражаттарына тийиштүү бардык эрежелерди сактоого тийиш. Мындан ары блогерлерге да ушак, экстремисттик негиздеги материалдар жана такталбаган маалымат үчүн миң доллардын тегерегинде айыппул салынат.

XS
SM
MD
LG