Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

Казакстан этникалык казактарга жарандык берүүнү жеңилдетет


Казак өкмөтү чет өлкөдөгү этникалык казактардын жарандык алуусун тездетүү үчүн өлкөнүн миграция мыйзамына жаңы өзгөртүү киргизүү алдында турат.

Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министри Тамара Дуйсенованын айтымында, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык Казакстанга кайтып келүүнү каалаган этникалык казактарга жарандыкты тез арада берүү иши бир жылдын ичинде башталат.

Ал эми азыркы мыйзамда “жарандык алууну каалаган этникалык казактар документ тапшыраар алдында 4 жыл Казакстанда жашап, андан кийин чечим чыкканча үч жыл күтүш керек” деген шарт бар.

Казакстан чет өлкөдөгү казактарды тарыхый мекенине кайтарып келүү программасын 1991-жылы баштаган.

Андан бери бир миллионго жакын этникалык казак өз мекенине кайтып келген.

XS
SM
MD
LG