Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

Киевде шаар мэрлигине талапкер каттоо башталды


Киевдин шайлоо комиссиясы шаар мэрлигине аттангандардын документтерин кабыл ала баштады. Талапкерлерди каттоо 30-апрелге чейин уланат.

Шаар башы болуу каалоосун 30дай саясый жана коомдук ишмер билдирген. Алардын ичинен эң атактуусу боксер жана "Удар" партиясынын лидери Виталий Кличко.

Аны менен катар Киевдин азыркы мэри Владимир Бондаренко, Евромайдан активисттеринин бири жана Жогорку Раданын депутаты Леся Оробец жана журналист Игор Луценко да шаар мэрлигине өз талапкерлигин койгону турат.

Киев шаар мэрин шайлоо Украина президентинин кезексиз шайлоо күнүндө 25-майда чогуу өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG