Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Боршайком тууралуу мыйзамга өзгөртүү сунушталууда


Бүгүн парламент БШКнын иши тууралуу мыйзамга 3-окуудан өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, Боршайком эми БШК төрагасын жана анын орун басарын шайлайт, чакыртып ала алат жана ошондой эле жетекчинин буйруктарын өзгөртүү, кошумчалоо, жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

БШК башчысынын жана анын орун басарынын ишмердүүлүгү алардын өздөрүнүн жазуу түрүндөгү арызынын негизинде, БШКга мүчөлүгү токтогон учурда жана БШК мүчөлөрүнүн үчтөн бир добушу менен ишеним көрсөтпөөсүнүн негизинде токтотулат. Төраганы чакыртып алуу маселеси мүчөлөрдүн жашы улуусунун төрагалыгы алдында каралат. Ошондой эле төраганын иши тууралуу жылдык баяндама “канааттандырарлык эмес” деп табылган учурда да анын ыйгарым укугу токтотулат.

Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, андан тышкары БШК өлкөнүн ар бир облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында өзүнүн туруктуу өкүлүн дайындайт. Ошондой эле ар бир аймактык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын тизмесин жаңылап, тактоочу кызматкери болот.

Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG