Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Ганыбаев: жоолукчан кыз кодуланган эмес


Танзилия Абидин кызы. Сүрөт кыздын жакындарынан алынды.
Танзилия Абидин кызы. Сүрөт кыздын жакындарынан алынды.

Кадамжай шаарынын тургуну Абидин Авазов анын 3-класста окуган кызы Танзилияны жоолук оронуп жүргөнү үчүн мугалимдери мектепке киргизбей койгонун айтып, журналисттерге кайрылды.

Танзилия Апсамат Масалиев атындагы №17 орто мектептин окуучусу. Атасынын айтымында, кызы 10-апрелден 17-апрелге чейин окууга барган эмес. Класс жетекчиси жана мектеп жетекчилиги “жоолук салынууга уруксат” деген тастыктама алып келүүнү айткан.

Бул маселе боюнча Кадамжай райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мыргал Ганыбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди:

“Азаттык”: Мыргал мырза, №17-орто мектептин окуучусу Абидин кызы Танзилияга мугалимдеринин мамилеси интернетте кызуу талкууланып жатканын билсеңиз керек?

Ганыбаев: Ооба, кабарым бар. Мен ал кызды мугалимдер мектепке киргизбей койгонун бир жумадан соң билдим. Кыздын атасы мага арызданып келди. Мектептин директору Николай Сопуевди, окуу иштери боюнча директордун орунбасары Майсара Бөрүбаеваны жана Танзилиянын класс жетекчиси Дилсөз Турсункулованы чакырып, кызга карата жасалган мамиле мыйзамсыз экенин айттым. Ошондон кийин Танзилия мектепке кайтып, окуп жатат.

“Азаттык”: Жоолук салынып келүүгө тыюу салган эч кандай мыйзам жок эмеспи. Мугалимдердин бул жоругу кыздын укугун бузуп жатат да?

Ганыбаев: Мугалимдер кызды мектептен чыгарып койгон эмес. Териштирип көрдүм. Класс жетекчиси андан эмне үчүн хижаб менен окууга келгенин сураган. Ушундай кийин эле Танзилия окууга келбей коюптур. Эч кандай кодулоо болгон эмес.

“Азаттык”: Бирок ошол кыздын жоолугу маселе жаратып атпайбы. Мектептин жетекчилигине жана мугалимдерге бул үчүн чара көрүлөбү?

Ганыбаев: Албетте. Мектеп директоруна, окуу бөлүмүнүн башчысына жана класс жетекчисине эскертүү берилди. Бул жерде түшүнбөстүк болуп жатат. Кыз азыр эч кандай маселеси жок эле окуп жатат. Биздин райондогу мектептерде оромол салынган кыздар көп. Алардын эч кимисине ушул күнгө чейин тыюу салынган эмес.
XS
SM
MD
LG