Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

АКШ дипломаты Орусияны күнөөлөдү


АКШнын жогорку мартабалуу дипломаты, мамлекеттин Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы элчиси Даниэль Баер Женева келишимин толук аткарбай жатканы үчүн Орусияны күнөөлөдү. Ал Украинадагы чатакты жайгарууда Москва тийиштүү кадамдарга барбай жатканын 23-апрелде журналисттерге маалымат берип жатып айтты.

Баердин айтымында, чыгыш Украинаны мыйзамсыз куралданган орусиячыл жикчилерден арылтуу үчүн бир апта эмес, бир нече күн гана керек болчу.
Баер Москваны Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары менен кызматташтык кылууга чакырды.

Женевада өткөн жумада АКШнын, Орусиянын, Евробиримдиктин жана Украинанын тышкы саясат боюнча лидерлери жолугуп, Украина кризисин жумшартуу боюнча макулдашууга кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG