Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков дүйнө салды


Коомдук ишмер, саясат таануучу Ишенбай Абдуразаков 24-апрелге караган түнү 77 жаш курагында каза болду.

Маркум 1937-жылы Чолпон-Ата шаарында туулган. Туңгуч президент Аскар Акаевдин мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген.

1971-75-жылдары – СССРдин Жапониядагы элчилигинде экинчи жана үчүнчү катчысы, 1975-78-жылдары Жапониянын Саппоро шаарында СССРдин консулу болгон.

Өмүр бою дипломатиялык кызматтарда, коомдук-саясий уюмдарда эмгектенген.

Соңку жылдары “Кыргызстан-Жапония” коомунун президенти, Тышкы иштер министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы болуп иштеп жүргөн.

2007-жылы “Данакер” ордени менен сыйланган.

XS
SM
MD
LG