Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Мурдагы министр жана экс-депутат Сулаймановго издөө жарыяланды


Бишкектин Октябрь райондук соту Кыргызстандын мурдагы транспорт жана коммуникация министри, экс-депутат Нурлан Сулаймановду камоо чечимин чыгарып, издөө жарыялады. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ аталган мекеме Сулаймановго сыртынан айып таккан. Ал 2007-2008-жылдары министр болуп турганда жол куруу техникасын жана материалдарды сатып алууда мыйзам бузуп, мамлекетке жалпысынан 41 миллион сом зыян келтирген деп айыпталууда.

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" оппозициялык фракциясынын депутаты Нурлан Сулайманов сессияларга катышпаганы үчүн быйыл 31-январда мандатынан ажыраган. Ал дарыланганы башка мамлекетке кеткени кабарланган. Сулаймановго карата буга чейин да коррупция боюнча кылмыш иш козголуп, кайра жабылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG