Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Катуу шамалдын кесепеттери такталууда


Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда 22-апрелде түштөн кийин жүргөн катуу шамалдын кесепеттери жоюлууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Нарындын Ат-Башы жана Нарын райондорунда турак-жайлардын 100дөн ашуун шиферин шамал учуруп кеткен.

Талас районунун Үч-Эмчек айылында маданият үйүнүн спорт залынын 200 чарчы метр темир чатырын жана бир тургундун үйүнүн 25 шиферин жулуп кеткен.

Ал эми көлдүн Каракол, Балыкчы шаарларында, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Ак-Суу, Тоң жана Түп райондорунда тактоо иштери дагы эле жүрүп жатат.

Жабыркаган аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына дээрлик 30 метрге жеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG