Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Ошто газ, суу жок


Ош шаарынын көпчүлүк бөлүгүндө бүгүн ичүүчү суу токтотулду. Шаарды суу менен камсыз кылуучу “Ошсууканал” ишканасы маалымдаганы боюнча оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу өчөрү тууралуу шаардыктарга алдын ала маалымат берилген. 25-апрелден тарта суу кайра бериле баштайт.

Ошондой эле шаардын айрым райондорунда электр энергиясы да оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлгөн. Кулатов жана Курманжан датка кичи райондору бүгүн электр жарыгысыз калды. Жарык оңдоо иштери бүтөрү менен берилери кабарланууда.

Ошто 14-апрелден бери көгүлтүр от да жок. Шаар мэриясынан кабарлашкандай, азырынча газ качан берилээри белгисиз болууда. Өткөн аптанын башында Өзбекстан газ келишиминин мөөнөтү аяктаганын себеп кылып, Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтоткон.

КР Энерегетика министрлиги газ берүүнү жандантуу тууралуу Орусиянын "Газпром" ишканасы менен чогуу өзбек тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатканын белгилеген. Орусиянын “Газпром” ишканасына “Кыргызгаз” 10-апрелде толугу менен өткөрүлүп берилген. (YI;ZKo)

XS
SM
MD
LG