Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:03

Монополияга каршы мекеме “Кудайберген” боюнча түшүндүрмө берди


Бул тууралуу бүгүн Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин статс-катчысы Айбек Мамыралиев журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, мыйзам боюнча ижара акыны кымбаттатуу маселесинде базардын жетекчилиги Монополияга каршы агенттиги менен кеңешүүгө жана бааны көтөрүү себептерин негиздеп берүүгө тийиш.

Инфляциянын өсүшүнө жараша баа көтөрүлүшү ыктымал, бирок базар жетекчилиги каалагандай 100% эмес, 6-7% кымбатташы мүмкүн экенин айтат статс-катчы. Айбек Мамыралиевдин белгилөөсү боюнча эгер базар жетекчилиги макулдашуусуз эле ижара акысын кымбаттатып алса, ага административдик жаза каралат.

Өткөн жумада Бишкектеги “Кудайберген” базарынын соодагерлери базар ээси ижара акысын 100% кымбаттатып жатканына нааразылык билдирип, базар жетекчилигинин алдына митингге чыккан. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG