Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Бишкектен жоголгон студент кыздар Түптөн табылды


Бир нече күн мурун Бишкектен жоголду деген эки кыз Ысык-Көл облусунун Түп районунан табылды. Ушул тапта аларды милиция борбор калаага алып келе жатканын ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кыздар турган жер иликтеп-издөө иштеринин натыйжасында кечээ аныкталган.

Бүгүн эртең менен алар Түптүн айылдарынын бириндеги үйдөн, жогорку класстын окуучусунун жанынан табылган. Алгачкы маалымат боюнча кыздар бул айылдык жигит менен өткөн жылы таанышкан, ошондой эле өздөрү окуган окуу жайда сабакты көп калтырары аныкталды.

17-апрелде Ысык-Ата районундагы “Ырыскелди” айылындагы үйүнөн чыгып кеткен эки кыз дайынсыз жок болуп атканын айтып ата-энеси милицияга кайрылган болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG