Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Мыйзамсыз паспорт берген жетекчилерге кылмыш иши козголду


Кочкордо прокуратура менен УКМКнын райондук бөлүмдөрү чогуу текшерүү жүргүзүп, паспорт-визалык каттоо кызматы аймактык ЗАГС органы менен чогуу сүйлөшүп алып 2012-жылы жалпы жарандык эки паспортту мыйзамсыз бергенин аныктады. Паспорт берүү жалган маалыматтарды расмий документтерге киргизүү жолу менен мыйзамсыз жүргүзүлгөн. Ошондой эле паспорт алуучу жарандар документ берилген кезде Кыргызстанда эмес, Орусияда болгону аныкталды.

Бул ишке байланыштуу Кочкор райондук прокуратурасы паспорт-визалык каттоо кызматынын жетекчисине, аймактык ЗАГС органынын башчысына жана Кочкордун участкалык милиционерине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, кызматтык жасалмачылык кылган" деген айып менен кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG