Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:27

Жогорку окуу жайлардын иши текшерилди


Билим берүү жана илим министрлиги 22-23-апрелде өлкөдөгү жогорку окуу жайларда окуу процессинин уюштурулуусун жана студенттердин сабакка жетишүүсүн текшерген. Натыйжада айрым окуу жайларда студенттердин сабакка катышуусу начардыгы, окуу жайга Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгысыз эле кабыл алынганы аныкталды.

Мисалы Москва ишкерлик институтунун Бишкектеги филиалында болгону 84 студент окууру аныкталды, бир-эки гана бала отурган тайпалар бар.

Билим берүү жана илим министрлиги текшерүүнүн натыйжасына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрүн маалымдоодо. Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар, алардын 31и мамлекеттик. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG