Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

Прагада “Чыгыш өнөктөштүгү” саммити өтөт


Бүгүн Прагада эки күндүк “Чыгыш өнөктөштүгү” саммити башталат.

Ага Азербайжан, Армения, Грузия жана Молдованын президенттери, ошондой эле Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Андрей Дешица катышат.

“Чыгыш өнөктөштүгүнүн” дагы бир мүчөсү болгон Беларус президенти Александр Лукашенко чакырылбаганы үчүн саммитке катышуудан баш тартты. Евробиримдиктен Чехия, Австрия, Литва, Польша жана Словакиянын расмий өкүлдөрү катышат. Ушул айдын аягында Молдова жарандары үчүн Евробиримдик өлкөлөрүнө визасыз каттоо режими күчүнө кирет.

Долбоордун башкы максаты - Евробиримдик менен Украина, Молдова, Азербайжан, Армения, Грузия жана Беларус ортосунда интеграциялык байланышты өнүктүрүү.

Орусия аталган өлкөлөрдүн Евробиримдик менен жакындашына каршы чыгып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG