Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

"Манаста" хаб ачуу үчүн арзан керосин маселесин чечүү зарыл


Арзан керосин маселеси чечилмейинче "Манас" аэропортунда хаб ачылбайт. Бул тууралуу эл аралык аэропорттун президенти Албек Ибраимов бүгүн вице-премьер-министр Валерий Дилдин катышуусунда өткөн жыйында билдирди. Анын айтуусунда арзан керосин хаб түзүүнүн өзөгү, ошондуктан, керосин баасы боюнча маселе чечилүүгө тийиш.

Ибраимовдун маалыматы боюнча бүгүнкү күндө “Манас” керосиндин тоннасын 1100 доллардан алат, бул Алматы жана Навои аэропортторуна караганда 150 долларга арзан.

Арзан керосинди “Роснефть” сыяктуу ишканалар гана бере алышы мүмкүн экенин айткан Ибраимов хабдын иштеп турушу үчүн “Аэрофлот” же “Эйр Астана” сыяктуу Европага, Түштүк-Чыгыш Азияга учуучу компаниялар зарылдыгын, бул үчүн да кайра эле арзан керосин керектигин кошумчалады.

Кыргыз өкмөтү "Манас" эл аралык аэропортунун акцияларынын 51 пайызын "Роснефть" ишканасына өткөрүп берүү тууралуу жазылган меморандум үчүн коомчулуктун кескин сынына кабылган. Бирок аэропорт жетекчилиги мындай документтерге "Роснефттен" тышкары дагы он чакты компания менен кол коюлганын, орус тарап менен макулдашылган чечим акыркы эмес экенин билдирген. Жакында президент Алмазбек Атамбаев ал меморандум жокко чыгарылганын Таласка иш сапары учурунда айткан болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG