Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Украинада орусиячыл жикчилерге каршы операция башталды


Украина бийлиги өлкөнүн түндүк-чыгышындагы орусиячыл жикчилерге каршы операция баштады. Бир нече жумадан бери мамлекеттик имараттарын куралчандар басып жаткан Славянск шаарына оор бронетехника киргизилгени турат.

“Украинская правда” маалымдагандай, бейшемби күнү Славянск шаарынын четинде орусиячыл өзүн өзү коргоо күчтөрдүн блокпостунда атышуу болгон. Каза тапкандар жана жарадар болгондор бар.

Маалымат каражаттары билдиргендей, сепаратисттерге каршы ок токой четинен атылган.

Славянсктын өзүн өзү коргоо тобунун маалымат катчысы Стелла Хорошева Фейсбуктагы баракчасына эки адам өлгөнүн жазган. Башка булактарга ылайык, бир адам каза таап, бир адам жарадар болгон.

“Элдик өзүн өзү коргоо штабынын” өкүлдөрү кол салуу болсо жооп кайтараарын айтты. Өзүн “шаардын элдик мэри” атап алган Вячеслав Пономарев жашоочулардан көчөгө чыкпоону суранды.

XS
SM
MD
LG