Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Кытайлыктар Кыргызстанга Нарын аркылуу мыйзамсыз өтүп келүүдө


Бул тууралуу бүгүн Нарын облустук милициясынын башчысы Нарынбек Молдоисаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда кытайлык жарандар Кыргызстандын аймагына жүк алып кирген автоунааларга жашырынып, мыйзамсыз кирип жатканы тууралуу маалымат бар. Кытайдан кирип жаткан автоунаалар чек арадан эле пломба басылып кирип жаткандыктан, күч кызматтары аларды текшере албайт.

Тартип коргоо органдары буга чейин да Кыргызстанга мыйзамсыз кирип, иштеп жаткан кытай жарандары көбөйгөнүн айткан.(TSh;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG