Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Кара-Буурада мал доктурлар өкмөткө кайрылды


Таластын Кара-Буура районунун ветеринарлары малын эмдетпей жүргөн малчыларга карата чараны катуулатууну суранып жатат.

Мал доктур Жаныбек Султанкуловдун "Азаттыкка" айтымында, бүгүнкү күндө ар бир мал башына эмдөө үчүн 3 сом кетет. Бирок жүздөгөн, миңдеген малы барлар эмдөөдөн качып, айыппул төлөп кутулууда. Бир малчыга айыппул 100 гана сом.

Кара-Буура коңшу Казакстан менен чектешкендиктен бул аймакта шарп, бруцеллез сыяктуу мал ылаңдарынын чыгуу коркунучу дайыма актуалдуу болуп турат. (MTo/RK)

XS
SM
MD
LG