Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Алепподогу аба соккулардан 21 адам каза болду


Сириянын Алеппо аймагында бейшембиде абадан жасалган соккудан 21 киши мерт кетти. Алардын арасында 3 бала бар. Соккулар Атареб айылындагы базар аймагына жасалган. Бул тууралуу Британиянын Сириядагы адамдардын укугу боюнча байкоо жүргүзгөн борбору билдирди. Укук коргоочулар өлгөндөрдүн саны өсүшү мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Сириядагы ички жаңжал башталгандан бери 150 миңдей адам каза таап, миллиондогон кишилер үйлөрүн таштап качууга мажбур болушту.

Шаршемби күнү БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сириядагы согушуп жаткан эки тарап тең гуманитардык жардам жеткирүү боюнча эл аралык мыйзамдарды бузуп жатканын айтып, айыптаган. Пан Ги Мун билдиргендей, үч жарым миллиондой сириялык алгачкы керектелүүчү буюмдарга, дары-дармектерге жетпей келишет.

XS
SM
MD
LG