Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:34

Юридикалык аталыштардын түшүндүрмө сөздүгү чыкты


“Юридикалык аталыштардын жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгү” USAID/DFID эл аралык уюмунун парламентке көмөктөшүү программасынын алкагында жарык көрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын авторлорунун бири Жеңишбек Арзыматов билдирди.

Китепте 14 миң аталыш жана түшүнүктөр тууралуу маалымат жазылган. Учурда анын электрондук версиясын даярдоо аракеттери жүрүп жатат.

Сөздүк мыйзам чыгаруу жараянын өркүндөтүү, мыйзамдардагы карама-каршылыктарды четтетүү, мыйзам чыгарууда колдонулган кыргыз жана орус тилдериндеги аталыштардын бирдиктүү тизмесин түзүү максатында жазылды.

Басууга берерден мурда мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан экспертизасынан өткөрүлгөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG