Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Түрк элчилигинин өкүлү жол кырсыгына шектелүүдө


Бишкекте Түркия элчилигинин кызматкери катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу жол кайгуул кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ, 24-апрелдин кечинде борбордогу Манас проспектинен элчиликтин кызматтык унаасы 24 жаштагы Максатбек Абдылдаев аттуу жаранды сүзүп кеткен. Анын буту сынып, ооруканага жаткырылды. Кырсык боюнча тергөө жүрүп жатат.

Бишкек милициясынын маалыматы боюнча, кызматтык унааны Түркия элчилигинин аскер атташесинин жардамчысы башкарып жүргөн. Элчилик бул фактты тастыктады, бирок кошумча маалымат бере элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG