Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Диализ боюнча бекер жабдууну орнотконго шарт жок болууда


Кыргызстан Жапония бере турган бекер медициналык жабдууну орнотууга шарт түзө албай жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен бүгүн кабарлашкандай, жапон тарап талап кылгандай шарт түзүүгө 5 миллион сом керек болгондуктан Каржы министрлиги мындай акча бере албасын айтууда.

Былтыр жапониялык Токусукай компаниясы "жасалма бөйрөк" кызматынан пайдаланган оорулууларга жардам иретинде 10 диализ аппаратын бекер берүүгө макул болгон. Бирок аларды коё турган жай айрым техникалык талаптарга жооп бериши керек деп шарт койгон.

Кыргызстанда бөйрөк оорусуна чалдыккан көптөгөн жарандар гемодиализдин жардамы менен жашап келет. Бирок андай аппараттар жетишсиз. (RK)

XS
SM
MD
LG